Секи көрүстөнү

Википедия дан

СЕКИ КӨРҮСТӨНҮ – 13–14-кылымдарга таандык көрүстөндөр тобу. Нарын районунундагы Чырпыкты суусунун оң өйүзүндө Экинарын айылынын чыгыш тарабында жайгашкан. Эстелик көрүстөндөрдүн көлөмдөрү сүйрү келип, үстү таш менен корумдалган. Маркумдардын жандарынан жашына, жынысына, социалдык абалына ылайык жаанын жебелери, күзгү, тарак, ээр, үзөңгү, бычак, шуру, топчу жана башка буюмдар табылган. Секи көрүстөнү архелог К. Табалдиев тарабынан изилденген.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.