Сексенбаев Бакай

Википедия дан

Сексенбаев Бакай - жазуучу, котормочу.

Бакай Сексенбаев Чүй районуна караштуу Бурана айылында 1932-жылы 20-августа туулган.
1949-жылы орто мектепти,
1962-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1949-жылы Чүй райондук «Шамси» совхозундагы жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.
1954–1957-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1962–1967-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинин редакциясында адабий кызматкер,
1971–1981-жылдары «Кыргызстан» басмасында бөлүм башчы,
1981-жылдан Кыргызстан КП БКнын алдындагы Партиянын тарыхы институтунун башкы редакциясында жооптуу катчы болуп иштеген.

Биринчи «Чындык жана легенда» аттуу очерктер жыйнагы 1970-жылы жарык көргөн. Бир катар очерктер, повесттер жана аңгемелер жыйнактарынын автору. Жазуучунун чыгармачылыгындагы маанилүү орунду көркөм котормо ээлейт. Ал тарабынан С.Залыгиндин «Соленая пядь», А.Чаковскийдин «Победа» романдары, В.Лацистин «Земля и море», С.Шакибаевдин «Падение большого Туркестана» повесттери ж.б. кыргыз тилине которулган.
1980-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин грамотасы менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Чындык жана легенда: Очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 120 б.

Көңүлдөгү жаз: Аңгемелер жана очерктер. – Ф.: Мектеп, 1972. – 132 б.

Жол бийиктеп барат: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 90 б.

Кайтып келүү: Повесть, аңгемелер, очерктер. – Ф.: Мектеп, 1976. – 158 б.

Сезим учкундары: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1979. – 172 б.

Ачык сыр: Повесть: аңгемелер, очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 240 б.

Август кечтери: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1990. – 197 б.