Селенология

Википедия дан

Селенология (гр. selene - Ай жана ...логия) - Айдын түзүлүшүн, химия- минералогиялык курамын изилдөөчү илимий тармак.

20-кылымдын орто ченинде Айдын жасалма спутниги жана Ай бетине жеткирилген приборлордун жардамы менен Айды түздөн түз изилдөөдө лайда болгон.

Мында астрофизикалык методдор менен бирге геофизикалык, геохимиялык методдор да колдонулат.

Ай жөнүндөгү Селенология лык изилдөөлөр андагы заттар Жер тобундагы планеталардагы заттарга окшош экендигин көрсөттү.

Селенология методдору - Жер жөнүндөгү илимий методдун жалпыланышы жана өнүгүшү

Бирок Жер шартынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу бул методдорду Айдын тартында бүтүндөй колдонууга болбойт.

Мисалы, жер бетиндеги рельеф негизинен суунун аракети менен өзгөрсө, Айда суу жок болгондуктан метеорит эрозиясы негизги роль ойнойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.