Селласия

Википедия дан

Селласия — Байыркы Грекиядагы Спарта шаарынын түндүк тарабындагы ири - шаарча.

Б. з. ч. 222-221-ж. анын жагында Клеомеп III баштаган спарталыктар менен Антигон III башкарган македон армиясынын салгылашы болуп, анда спарталыктар жеңилген, Селласия кыйратылып, Лаконика Македониянын (Байыркы) башчылыгы менен Эллин союзуна киргизилген. Спартада олигархиялык тартип калыбына келтирилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.