Мазмунга өтүү

Сельдерей

Википедия дан
Apium graveolens

Көпчө же Сельдерей (лат. Apium, L. 1753) - чатыр гүлдүүлөр тукумундагы бир же көп жылдык өсүмдүк.

Жер шаарында 20- дай түрү таралган. Сельдерей жыттуу. суукка чыдамдуу. Сельдерейдин мөмө тамырлуу, калемчелеме жана жалбырактама түрү бар. Биринчи шылы тамыры же мөмө тамыры жана түп жалбырагы, экинчи жылы сабагы менен майда ак топ гүлү чыгат. Чополуу күр, ным топуракта жакшы өсөт.

Жалбырагында аскорбин кислотасы көп, мөмө тамырында 4,3% кант, о. эле калий, кальций, фосфор тузу бар. Сельдерей де витаминдер: тиамин, рибофлавин, никотин кислотасы жана эфир майы болот.

Сельдерей тамак-ашка татымал катары, консерва жана фармацевтика өнөр жайында пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.