Семпер Йоханнес

Википедия дан

Семпер Йоханнес (10(22). 3. 1892, Тухалаане, Вильянди- 21. 2. 1970, Таллин) - эстон совет жазуучусу, Эстон ССР эл жазуучусу (1964).

  • 1940-жылдан КПСС мүчөсү Тарту университетин бүтүрүн (1928), анда окутуучу болуп иштеген (1928-40).
  • «Лооминг» журналын редакторлогон (1930-40), агартуу министри (1940-ж.), Эстон ССР жазуучулар союзуна председатель (1946-50) болгон.

Чыгармалары 1910- жылдан жарыялана баштаган, Жарандык жана филос. темадагы «Пьеро» (1917), «Унчукпай коё албайм» (1943; Советтик Эстония сыйл., 1947), «Барактар шамалдагы жалбырактай» (1972) ж. б. ыр жыйнактары, «Кызганыч» (1934), «Ташка таш» (1939), «Кызыл чеге гүлдөр» (1955) дегендей психол. романдары бар.

Семпер Йоханнес - Эстон ССР мамлекеттик гимнинин автору (Советтик Эстония сыйл., 1947).

Ленин ордени, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.