Сенпьер жана Микелон

Википедия дан

Сенпьер жана Микелон (фр. Saint-Pierre-et-Miquelon) — Франциянын Атлантика океанындагы ээлиги, Ньюфаундленд аймагынын түштүгүндө.

Сенпьер аралы
Сенпьер аралынын туусу

Сенпьер аралынын элтаңбасы (герби).
Микелон-Ланглейд аралы
Микелон-Ланглейд аралынын туусу.
Микелон-Ланглейд аралынын элтаңбасы (герби).

Негизги маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

8 аралдан турат; эн ирилери - Сен-Пьер жана Микелон аралдары. Жалпы аянты 242 км2.

  • Админ. жана негизги экономикалык борбору - Сен- Пьер ш.
  • Климаты мелүүн (январдын орточо температурасы -6°С, июлдуку 14°С), океандык, нымдуу (жылдык жаан чачыны 1000 ммге чейин).
  • Дөңсөөлүү ойдуңдар жана платолор басымдуу.
  • Калкынын негизги кесипчилиги - балык кармоо жана консервалоо, башка өлкөлөрдүн балык уулоочу кемелерин тейлөө.
  • Айбанаттарды асыроочу ферма бар.
  • Сыртка балык, балык продукцияларын жана тери чыгарат.
Жайгашуун картасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.