Сепарация

Википедия дан

Сепарация (лат. separatio-бөлүү) техникада - катуу нерселерде түрдүү тектеги бөлүкчөлөрдүн аралашмасын, түрдүү тыгыздыктагы суюктуктардын аралашмасын, эмульсиясын бөлүү, газ же буудагы катуу бөлүкчөлөрдү ажыратып алуу процесси.

Сепарацияда бөлүнүүчү компоненттер химиялык курамын өзгөртпөйт.

Сепарация аралашмадагы компоненттердин физикалык же физикалык-химиялык касиеттеринин ар түрдүүлүгүнө негизделген. Руданы байытууда ажыратуу операцияларынын бардыгы Сепарацияга кирет. Мисалы, аба же пневматикалык Сепарация, магнит Сепарациясы, электр Сепарациясы, радиометриялык Сепарация, серпилгичтик Сепарация ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.