Сепир Эдуард

Википедия дан

Сепир Эдуард (26. 1. 1884, Германия, Лауэнбург - 4. 2. 1939, АКШ, Коннектикут, Нью-Хейвен) - америкалык тилчи жана этнолог.

Америка искусство жана илимдер академиясынын мүчөсү. Колумбия университетин бүткөн (1904). Чикаго (1927-31), Йель (1931-жылдан) университеттеринин проф. АКШнын Лингв. (1933) жана Антропология (1938) коомдорунун президенти болгон. Негизги эмгектеринде жалпы тил илиминин маселелери, америкалык индеецтердин тилдери изилденет.

«Тил» (1921) деген китебинде азыркы америкалык структурализмдин өнүгүшүнө кыйла таасир тийгизген лингв, концепциясы, тилдердин оригиналдуу типологиялык классификациясы берилген. Анын айлана-чөйрө тууралуу адам түшүнүгүнүн калыптанышына тилдин тийгизген таасири жөнүндөгү илимий божомолу (Сепир-Уорф гипотезасы) этнолингвистиканын негизин түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.