Сервитут (жолачкы)

Википедия дан

Сервитут (жолачкы) (лат. servitus – милдет, милдеттенме, күнөөкөрлүк) – буюм укугунун бир түрү, бирөөнүн кыймылсыз мүлкүн (белгиленген чекте) пайдалануу укугу. Көбүнесе, бирөөнүн жер участогун пайдалануунун чектелүү укугу. Кээбир учурларда имаратка, курулушка ж. б. кыймылсыз мүлктөргө С. салынат. Жер участок ээсине башка жер участогу (кошуна) аркылуу кирип-чыгуусун жөнгө салуу, электр, байланыш, түтүк өткөргүчтөрүн, орнотуу жана пайдалануу, сугат менен камсыз кылуу, ошондой эле башка жолдор аркылуу камсыз кылуу мүмкүн болбогон керектөөлөр үчүн С. коюлат. С. бүтүмдөрүн өзалдынча буюмзаты болушу мүмкүн эмес. КР мыйзамдары боюнча, С. ыктыярдуу (жекече) жана мажбурланган (жарыя) болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]