Сергеев Константин Михайлович

Википедия дан

Сергеев Константин Михайлович (1910-1992) - советтик балет артисти жана балетмейстер, СССР эл артисти

(1957). 1930-ж. Ленинград хореогр. окуу жайын бүтүрүп, Ленинграддагы Киров атындагы опера жана балет театрында иштейт.

Башкы партиялары: Зигфрид жана Дезире (П. Чайковский, «Ак куу көлү», «Уйкудагы сулуу»), Вацлав (Б. Асафьев, «Бахчисарай фонтаны»), Ромео (С. Прокофьев, «Ромео жана Шульетта») ж. б. С. «Раймонда», «Ак куу көлү», «Уйкудагы сулуу» балеттеринин жаны редакциясын жана Прокофьевдин «Золушка» (1946), Червинскийдин «Гамлет» (1970) ж. б. балеттерди койгон.

Ал - 1938-40-ж. жана 1973-жылдан Ленинград хореогр. окуу жайында көркөм жетекчи. СССР мамлекеттик сыйлыгы (1946, 1947, 1949, 1951) лауреаты. Ленин ордени, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.