Сергей Прокофьев

Википедия дан

Прокофьев Сергей Сергеевич [11(23). 4. 1891, Сонцовка, азыркы Дон областы, Красноармейский району, Красный кыштагы – 5. 3. 1953, Москва] – советтик композитор, пианист жана дирижёр, РСФСР эл артисти (1947). Музыкага 5 жашынан энеси Р. М. Глиэр үйрөткөн. Петербург консерваториясында окуганга чейин (1904) 4 опера, симфония, 2 соната жана фортепиано үчүн пьесалар жазган. 1909-жылы консерваториянын композиция (A. К. Лядов, Н. А. Римский-Корсаков, Я. Витолдон), 1914-жылы дирижёрлук жана фортепиано класстарын бүткөн. Эң көрүнүктүү художник-новатор, Прокофьев орус советтик, дүйнөлүк музыка искусствосун терең мазмундагы, образдуу чыгармалары жаңы жана оригиналдуу каражаттар менен байыткан. «Кумарпоз» (1916), «Үч апельсинге кумарлануу» (1919), «Семён Котко» (1939), «Монастрдагы никелешүү» (1940), «Согуш жана тынчтык» (2-редакциясы, 1952) опералары; «Ромео менен Жульетта» (1936), «Золушка» (1944), «Таш гүл» (1950) балеттери, «Тынчтыктын сакчылыгында» ораториясы, «Александр Невский» кантатасы, «Петя менен карышкыр» симфониялык жомогу бар. Лениндик (өлгөндөн кийин – 1957) жана Сталиндик сыйлыктын [1943, 1946 (3 жолу), 1947, 1951] лауреаты. Кызыл Жылдыз ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]