Сере

Википедия дан

Сере — өлгөн адамды коё турган жай, түркүктөргө орнотулган үстүңкү бети гана жабылып, туш жактары ачык бастырма. Радлов жазып алган вариантта :

Манасты табытына салды дейт,

Сарайга сере кылды дейт,

Алдыңкы жерден сызын өткөрбөй,

Үстүнү күндөн көсүн тийгизбей,

Сарайга серелеп койду дейт (Радлов жазып алган вариант, 114).

С. тува, бакшылардын сөөгүн коюучу "сери" деп аталган төрт буттуу замбил сыяктуу жайга окшош. "Манаста" да С-ге сөөк коюлушу айтылат. Тувалыктардын серисинин үстү ачык болгон. Өлүк серинин үстүнө коюлган бойдон калчу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4