Серексия

Википедия дан

Серексия - молдаван жүзүм сорту. Тез өсөт.

Бутагы саргыч же бозомук келип, кызгылт темгилдүү. Шара тилик жалбырактуу. Гүлү эки жыныстуу. Шиңгили тарамдама сүйрү, чоң же орточо Мөмөсү кара, суйру, кабыгы жука. Ширелүү, таттуу, даамдуу. Түшүмү жогору. Кеч бышат. Жаңысында желет, шамдан-шарап жасалат. Кыргызстанда Чүй өрөөнүндө өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.