Серодиагностика

Википедия дан

Серодиагностика (лат. serum- сыворотка (кан сары суусу) жана диагностика) - адам, жаныбар жана өсүмдүк ооруларын аныктоо ыкмасы.

Серодиагностика сывороткадагы антителолордун тиешелүү антигендер менен реакцияга жөндөмдүүлүгүнө негизделген. Медицинада жугуштуу жана айрым жугушсуз ооруларды диагноздоо үчүн колдонулат. Серодиагностикага биол. суюктуктагы (кан, заара ж. б.) жана ткандагы антигенди, бактерияны, вирусту ж. б. аныктоо кирет (к. Серология).

Ветеринарияда Серодиагностика малдын жугуштуу ооруларын диагноздоо үчүн колдонулуп, жугуштуу ооруларды клиникалык белгилери пайда боло электе анктоого мүмкүндүк берет. Агглютинация, преципитация, комплементти бириктирүү ж. б. реакциялар пайдаланылат, көбүнчө аллергиялык реакциялар менен да айкалыштырылат.

Өсүмдүктө Серодиагностика өсүмдүктүн илдет козгогучтар менен жабыркашын, илдеттерге туруктуулугун, мите козу карын, бактерия, вирустардын түрүн аныктоо үчүн колдонулат. Ал диагностикалык сыворотканы колдонууга негизделген.

Серодиагностика илдетти белгилери даана билинген, о. эле байкалбаган учурда да аныктоого мүмкүндүк берип, себүү жана кыйыштыруу үчүн таза материал тандоону жеңилдетет

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.