Серология

Википедия дан

Серология (лат. serum - сыворотка- кан сары суусу жана ...логия) - кан сывороткасынын таасири (сапаты) жөнүндөгү илим; иммунологиянын кан сывороткасынын антитело менен антигендин оз ара аракетин изилдөөчү бөлүгү.

Серологиялык реакция түз (эки компоненттүү) - агглютинация, пассивдүү гемагглютинация, преципитация жана кыйыр (үч компоненттүү) - нейтралдоо реакциясы (мисалы, микробду), гемаглютияацияны токтотуу реакциясы болуп айырыаланат.

Серологиялык реакциялар илимий жана диагностикалык максат үчүн; кан куюу, кан группасын, белоктун түрүп жана өзгөчөлүгүн аныктоодо пайдаланылат.

Серологиялык изилдөөлөр, ошондой эле эпидемиологияда жана эпизоотологияда колдонулат. Серологиянын негизгимаксаттарынын бири - жогорку спецификалуу диагностикалык жана дарылык сыворотка алуу ыкмасын иштеп чыгуу, алардын активдүүлүгүн текшерүү жана таасир кылуу механизмин аныктоо.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.