Серопрофилактика

Википедия дан

Серопрофилактика (лат. serum- сыворотка (кан сары суусу) жана профилактика) - иммундуу сывороткалардын жардамы менен адамдын жана малдын жугуштуу ооруларын алдын алуу ыкмасы.

Серопрофилактикада кыска мөөнөттүү (1-4 жума) пассивдүү иммунитет жаралат. Медицинада көбүнчө гамма- глобулиндер пайдаланылат. Серопрофилактика эпидемиялуу жердеги адамдарга (көк жөтөл, кызылча), травмада (селеймеге каршы), ит капканда (кутурмага каршы) жана кене чакканда (кене энцефалитине каршы) жүргүзүлөт.

Пландуу Серопрофилактика жугуштуу гепатитке каршы өткөрүлөт. Ветеринарияда Серопрофилактика музоо колибактериозуна, торопой паратифине жана башкага каршы уюштурулат, к. Иммунопрофилактика

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.