Серотерапия

Википедия дан

Серотерапия (лат. serum- сыворотка (кан сары суусу) жана терапия) - адам жана мал оорусун иммундуу сыворотканын жардамы менен дарылоо ыкмасы.

Ал пассивдүү иммунитетке - сывороткадагы антителолор (антитоксиндер) менен микробдорду (токсиндерди) залалсыздандырууга негизделген. Серотерапияда тазаланган жана концентрацияланган сыворотка - гамма- глобулиндер (гетерогендүү, гомологиялуу) колдонулат. Иммундуу сывороткалар дифтерия, ботулизм, жылан чакканда, гамма-глобулин сасык тумоо, Сибирь кулгунасы, селейме, чечек, лептоспироз ж. б. ооруларды дарылоо үчүн куюлат.

Ветеринарияда иммундуу сывороткалар менен гамма- глобулин сибирь кулгунасын, уйдун, койдун, чочконун геморрагиялык септицемиясын, козунун анаэробдуу дизентериясын, чочко тилмесин дарылоо үчүн пайдаланылат, к. Иммунотерапия.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.