Сетариоз

Википедия дан

Сетариоз - Setaria Viborg уруусундагы филярия найда кылуучу малдын гельминтоз ылаңы.

Филярия (кыл курт) ичте, мээде, жүлүндө мителеп, сиркеси кан менен айланып, малды жабыркатат. Сетариоз Европа, Азия, Африка, Америка өлкөлөрүндө-жылкы менен уйда, Ыраакы Чыгышта, Түштүк Азияда - койдо, тоолуу Алтайда, Ыраакы Чыгышта - маралда, бугуда кездешет.

Ал ыландуу малдын канын соргон чымын-чиркей аркылуу тарайт. Клиникалык белгиси малдын гельминттен жабыркашына байланыштуу келет. Мисалы, малдын мээси менен жүлүнү жабыркаганда арткы буту шал болуп, кок мээнин белгиси байкалат.

Диагноз кандын лабораториялык анализи боюнча жана мал өлүгүн текшерүү аркылуу коюлат. Дарылоо белгисиз. Алдын алуу - Сетариозду тараткыч чымын-чиркейден малды коргоо.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.