Сефевилер

Википедия дан

Сефевилер - 1502-1736-ж. Жакынкы жана Орто Чыгыштагы мамлекетти башкаруучулар династиясы.

Аны Сефи ад-дин Искактын (династиянын аты ушундан) уулу Исмаил I (1502-1524) негиздеген.

Сефевилер мамлекетинин составына Иран, Азербайжан, Армениянын бир бөлүгү, азыркы Афганистандын басымдуу аймагы, Ирак ж. б. кирип, алгач борбору Тебриз (Азербайжан) болгон. Анда дыйканчылык кеңири өөрчүгөн. Мамлекеттик дини исламдын шиизми болгон. Династиянын калыкты көбөйтүшүнөн элдик көтөрулүштөр чыккан (1570-1571-ж. Гилянда,Тебризде ж. б.).

Сефевилер Осмон империясы, өзбек хандары менен согушуп турган. Сефевилердин шахтары азербайжан урууларынын ак сөөктөрүнө, Аббас Iден (1587-1629-ж. башкарган, анын убагында мамлекет өтө гүлдөгөн) баштап перс ак сөөктөрүнө таянган.

18- кылымдан начарлай баштаган Сефевилер мамлекети 1721-22-ж. Иранга басып кирген афган көчмөндөрүнүн соккусунан кулаган (1736).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.