Сигнал

Википедия дан

Сигнал (лат. sigmim - белги дегенден) - кандайдыр бир окуя, объектинин абалы жөнүндө маалымат ташыгыч же башкаруу командалар, кабарлар жана башкаларда берүүчү белги, физикалык процесс же кубулуш.

Топ Сигналдардын жардамы менен өтө татаал. ар кандай окуяларды кандайдыр даражада түшүнүүгө болот. Өзүнүн түзүлүшү боюнча Сигнал механикалык (деформация, басымдын өзгөрүшү), жылуулук (температуранын, жарыктын өзгөрүшү), электр (ток күчүнүн, чыңалуунун өзгөрүшү). электр-магнит (радио толкундан), үн (акустикалык термелүү) ж. б. болуп бөлүнөт.

Сигналдын колдонулушу кабар берүүнүн өзгөчөлүгүнө, кедергинин деңгээлине жана мүнөзүнө, кабыл алуу жана берүү мүмкүндүгүнө байланыштуу. Билдирүүдөгү информация Сигналдардын бир же бир канча параметрлеринин (амплитуда, узактыгы, жыштык, фаза ж. б.) өзгөртүлүшү болуп эсептелет.

Сигнал аралыкка берүүгө, кабыл алууга, сактоого ж. б. ылайыкталып, ташылуучу маалыматты өзгөртпөй, бир түрдөн башка түргө өткөрүшү мүмкүн Буга комузчу черткен күүнү магнит плёнкасына жазуу процесси ачык мисал болот. Комузчу нота тамгаларын көзү менен көрөт (жарык Сигналы) жана комуздун кылын чертүү менен (мех. Сигнал) кылды түрдүү жыштыктагы акустикалык термелүүнү пайда кылуучу термелүү булагына айландырат (үн Сигналы) да, андан чыккан үн микрофон менен тизмектеги токтун күчүн өзгөртөт (электр Сигналы); бул ток магнит бөркүнүн өзөгүндө өзгөрмө магнит талаасын индукциялайт (электр-магнит Сигналы); бул талаа магнит лентасын кайра магниттөөнүн натыйжасында магнит жазуусу пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.