Сигналдык система

Википедия дан

Сигналдык система - убактылуу нерв байланыштары, алардын функцияларынын негизинде, сырткы жана ички чөйрөнүн таасирине ылайык организмдин ыңгайлануусун жөндөгөн нерв процесстеринин системасы.

Сигналдык система жөнүндөгү окууну И. П. Павлов иштеп чыккан. Ал физиологияга биринчи жана экинчи сигналдык система түшүнүгүн берген. Сигналдоо принциби жөнөкөй жаныбарларда да бар, бирок эволюциялык өөрчүүгө ылайык алар татаалданып кеткен (к. Жогорку нерв иши). Сигналдык система түшүнүгү шарттуу рефлекстер теориясынын борборунан орун алат. Жогорку нерв иши эволюциялык жогорку баскычында жайгашат да, ал тиричиликке керектүү факторлорду жаратылыштагы көп кездеше турган агенттерден иргеп, сигналдык системага айландырат. Мисалы, электр лампасын күйгүзгөндөн кийин дайыма тамак берилсе, башкача айтканда лампаны күйгүзүү тамактануу менен шайкеш келсе, анда лампанын күйгөнү шарттуу сигналга айланып, организмди тамактанууга камдайт (шилекей агат, карындын зили чыгат жана башкалар), ал эми тамактануу процесси - шартсыз сигнал. Айтылган шарттуу жана шартсыз сигналдар айбандардын баарында кездешет да, алар бир гана Сигналдык системаны түзүп, биринчи Сигналдык система делет. Ушундай эле сигналдар адамда да бар.

Бирок социалдык, коомдук өнүгүүнүн натыйжасында ал өз ара пикир алышууга мажбур болгон. Аларда алгачкы учурда жаңдоо, ишарат кылуу жана башкалар белгилер, андан кийин сөз айтуу, сүйлөшүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн. Ой жүгүртүү, нерселерди абстракциялоо шартынан пайда болот. Натыйжада адам эки Сигналдык системага (биринчи жана экинчи Сигналдык система) ээ. Биринчи Сигналдык система биологиялык факторлорго негизделсе, экинчиси биологиялык жана социалдык факторлордун жыйындысы болот. Экинчи Сигналдык система адамга гана таандык, ошондуктан анын жетилүүсүн балдардын жашына жараша байкоо жүргүзсө болот: 3 жашка чейин биринчи Сигналдык система үстөмдүк кылат, ушуга байланыштуу алар чөйрөнүн конкреттүү таасирлерин жакшы кабыл алат. 4-5 жашта 2- Сигналдык система үстөмдүккө өтөт, ушул мезгилде балдар айрыкча сүйлөөк келип, татаал сүйлөмдөрдү түзүүгө, аны түшүнүүгө толук мүмкүнчүлүгү болот. Сигналдык системалардын структуралык жана функциялык негизи болуп рецепторлор (чөйрөнүн таасирине дүүлүгүп, ал күчтөрдү нерв импульсуна айландырат), сезгич нервдер (нерв импульсун мээге жеткирет), мээнин ар кандай борборлору (мээнин кабыкчалары, анын ичиндеги нейрондор тобу) эсептелет. Сигналдык системанын акырында керектүү кыймыл-аракет иштелет.

Адамдын экинчи Сигналдык системанын бузулушу сүйлөбөй калуу (афазия), сөздү түшүнбөө (агнозия), айланасындагы буюмдардын маанисин билбөө (апраксия) жана башкалар клиникалык өзгөрүүгө алып келет. Ошондой эле биринчи жана экинчи Сигналдык системанын айкалышпаганы адамдык сапатты төмөндөтүп, ар кыл психикалык ооруларды (шизофрения, невроздор жана башкалар) пайда кылат.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8