Сийдик кислотасы

Википедия дан

Сийдик кислотасы, 2, 6, 8-триоксипурин - түссүз кристалл, эрүү температурасына жетпей ажырайт, сууда начар эрийт.

Сийдик кислотасын К. Шееле сийдиктин составынан тапкан. Ал эки формада (кетон жана еноль) кездешет. Туздарды пайда кылат. Ал аз санда ткандарда (мээ, боор, кан), о. эле сийдикте, сүт эмүүчүлөр менен кишинин теринде болот. Организмде айрым зат алмашуунун бузулушунда Сийдик кислотасы жана анын кычкыл туздары (ураттар) топтолот. Сийдик кислотасы - адам жана жаныбарлардын пурин (к. Пурин негиздери) менен белок алмашуусунун акыркы продуктусу.

Сийдик кислотасы куш кыгында жана бир катар өсүмдүктө болот. Ал - кофеинди синтездөөдө баштапкан зат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.