Силвия Плат

Википедия дан
Силвия Плат.

Силвия Плат (англ. Sylvia Plath; 1932-жыл 27-октябрь — 1963-жыл 11-февраль) — америкалык акын жана жазуучу болгон. Бостондо жарык дүйнөгө келген Плат акын жана жазуучу катары таанымал болгонго чейин Смит коллежде жана Кембриж университетинин Нүнем коллежинде окуган. Ал өзүнүн жазуучу досу Тед Хүзгө 1956-жылы турмушка чыгып, алар 1962-жылдын сентябрында эки башка жолго түшүшкөн. Алар Кошмо Штаттарда жана андан кийин Англияда бирге жашап, Фрида жана Николас аттуу эки балалуу болушкан. Плат чоңойгондон кийин жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн клиникалык депрессияда өткөрүп, бир нече жолу электрошок терапиясы менен дарыланган. Ал 1963-жылы өз өмүрүнө кол салган.

Плат сыр төгүү поэзия жанрын илгерилеткен деп эсептелет жана жарык көргөн эки жыйнагы менен таанымал болгон. Алар: "Колосс жана башка ырлар" (англ. The Colossus and Other Poems) жана "Ариел" (англ. Ariel). Ал эми көзү өтүп кетээрден бир аз гана мурун жарык көргөн жарым-жартылай автобиографиялык "Айнек капкак" (англ. The Bell Jar) романы да аны белгилүү кылган. 1982-жылы "Ырлар жыйнагы" (англ. The Collected Poems) үчүн көзү өтүп кеткенден кийин ага "Пулитцер" сыйлыгы ыйгарылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]