Силикаттар

Википедия дан

Силикаттар (латын тилинен   silex — оттук таш) — кычкылтектүү кремний кислотасы H 2SiO3 туздары. С. жаратылышта 500 ашык минералы белгилүү. Алар тоо тектер түзүүчү негизги минералдары: талаа шпат, кварц, пироксен, амфибол, биотит жана башка Өңү курамындагы темир ионуна жараша жашыл, күрөң, кызыл, сары, көк жана башка С. магма тоо тектеринин кристаллдануу учурунда, детаморфизм, метасоматоз процессинде пайда болот. С. ири кристаллы пегматит кенинде кезигет. Карапа, кыш, цемент, бетон, отко чыдамдуу буюм, айнек жасоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]