Мазмунга өтүү

Силлогизм

Википедия дан

Силлогизм (грек. sollogismos – эсептеп, санап чыгуу), эки ойдон үчүнчүсүн – корутундуну чыгаруучу логикалык дедуктивдүү (жалпыдан жекеге келүүчү) ой корутундусу.

Сиоллогизмдин негизги жобосу катары төмөнкү төрт тыянак алынат:

  1. жалпы ырастоочу («Бардык S – бул Р»),
  2. жалпы тануучу («Бир да S – бул Р эмес»),
  3. жеке ырастоочу («Айрым S – бул Р»),
  4. жеке тануучу («Айрым S – бул Р эмес»).

Мында – S (субъект) – сөз болуп жаткан нерсе, Р (предикат) – сөз болуп жаткан нерсенин белгиси. Туура түзүлгөн Силлогизм үч терминден турат:

1) кичине термин (S) – корутундунун субъектиси;
2) чоң термин (Р) – корутундунун предикаты;
3) орто термин (М) – эки ойго катышып, корутундуга катышпайт.

Силлогизмде үч гана термин болуш керек, төртүнчүсү – ашыкча. Мисалы: «Бир да кит (М) – бул балык (Р) эмес; бардык киттер (М) балыктар түрүнө (S) кирет; Демек, айрым балык түрүндөгүлөр (S) – бул балык (Р) эмес». Силлогизмдин аксиомасы: «Жалпыда ырасталган (танылган) нерсе салыштырмалуу түрдө анын жеке бөлүкчүлөрүндө да ырасталат (танылат)».

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]