Силумин

Википедия дан

Силумин (лат. Silicium - кремний жана Aluminium - алюминий) - курамында кремний (4-13%, кээ бирмаркаларында 23%га чейин) болгон алюминийден турган куйманын жалпы аты.

Көпчүлүтү алюминий менен кремнийдин эритилген аралашмасынан алынат. Каалагандай технол. жана колдонулма касиеттеги Силуминди алуу үчүн ага Си, Mn, Mg, кай бирде Zn, Ti, Be ж. б. металлдар кошулат.

Силумин куюлмалык жана механикалык эн жакшы касиеттерге ээ болуп, бул жагынан А1 - Си системасындагы куюлма куймадан гана калышат. Артыкчылыгы - нымдуу жана дениз атмосферасында коррозияга абдан туруктуулугу.

Силумин татаал конфигурациядагы тетиктерди даярдоодо, негизинен авто- жана авиакурууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.