Силуэт

Википедия дан

Силуэт (французча  silhouette – көлөкөлөнгөн профиль түрүндө карикатурасы тартылган XVIII кылымдагы француз министри Э. де Силуэттин атынан. көркөм сүрөт өнөрүндө – 1) массада (контурдун ичиндеги деталы жок) көрүнгөн предметтердин же фигуралардын формаларынын касиети, көбүнчө жарык фондо кара так болуп берилет. Термин көркөм чыгармага да, натурага да колдонулат. С. туура сүрөттөө жана көрсөтүү каражаттарынын бири. Анын жардамы менен адам фигурасынын мүнөзүн ачып көрсөтүүгө же аны башка фигура менен предметтерден бөлүп көрсөтүүгө болот. С-тин жакшы жактары контурдун мүнөзү менен тыгыз байланышкан жана негизинен сүрөттөлүп жаткан предметтердин жайгашуу ордуна жана жарык берүүгө көз каранды. 2) С. ачык, даана, сырткы сөлөкөттөрү тартылган фигура менен предметтерди толук, көбүнчө кара так кылып сүрөттөөгө негизделген графикалык техниканын өзгөчө бир түрү. С. менен XVIII кылымда кеңири тараган профилдик портреттер менен анча татаал эмес, фигуралык композициялар аткарылган. Орус графикасында С-тин үстүндө сүрөтчү Е. С. Кругликова көп иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]