Символикалык интеракционизм

Википедия дан

Символикалык интеракционизм (кара: интеракционизм;) – көңүлдүн борборун социалдык карым-катнаштардын символикалык мүнөзүн талдоого топтогон азыркы социологиядагы жана социалдык психологиядагы теориялык-методологиялык багыт.


Символикалык интеракционизмдин өкүлдөрү өз ара карым-катнаштын башкы символикалык «медиуму» болгон тилди талдоого өзгөчө көңүл бурушат. Символикалык интеракционизмди негиздеген – Дж. Г. Мид. С. и. андан сырткары Ч. Кули, Дж. Болдуин, У. Томас (АКШ), ж. б. идеясына таянат. Символикалык интеракционизмге, өзгөчө чикаголук мектепке, социалдык процесстеги коом менен табияттын өз ара байланыш себептерин тануу (индетерминизм), социалдык процесстин катышуучуларынын иш аракеттерин дайыма алдын-ала аныктоого болот, социалдык көрүнүштөрдү иштеп чыгууга, өзгөртүүгө толук мүмкүн деген көз караш мүнөздүү, тактап айтканда алардын ою боюнча, дүйнө-социалдык тектен келип чыккан.

Символикалык интеракционизм өкүлдөрү коомдук турмуштун материалдык себептерин талдоодон баш тартышкандыктан, ырааттуу теориясын жарата алышкан жок. Бирок жеке адамдын өсүш кыймылы жана түзүлүшү, социалдык мамилелердин микропроцесси тууралуу изилдөөлөрү, белгилүү даражада, кызыгууларды жаратат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]