Симпсондор

Википедия дан

"Симпсондор" (англ. The Simpsons) – Мэтт Грениң тарабынан Fox телекомпаниясы үчүн жасалган америкалык анимациялык комедия. Сериал жумушчу табынын жашоосун сатиралык түрдө сүрөттөйт, аны Гомер, Марж, Барта, Лиза жана Мэггиден турган Симпсондун үй-бүлөсү көрсөтөт. Шоу ойдон чыгарылган Сприңфилд шаарында өтөт жана америкалык маданиятты, коомду, телекөрсөтүүнү жана адамзаттык абалды пародиялайт.

Мэтт Грениң (2010).

1989-жылдын 17-декабрындагы дебютунан баштап, Симпсондордун 618 эпизоду көрсөтүлгөн. 28-сезону 2016-жылдын 25-сентябрынан башталган. Ал эң узун америкалык комедия жана эң узун америкалык анимациялык программа, 2009-жылы ал эң узун америкалык телесериал катары "Найдан чыккан түтүн" (англ. Gunsmoke) фильминен да ашып кеткен. "Симсондор киносу" (англ.The Simpsons Movie) толук метраждуу фильм бүткүл дүйнөдөгү кинотеатрларга 2007-жылдын 27-июлунда чыгарылып, 527 миллиондон ашуун доллар топтогон. 2016-жылы 4-ноябрда сериал дагы ар бири 22 эпизоддон турган жыйырма тогузунчу жана отузунчу сезонго узартылып, 2019-жылга чейин көрсөтүүнү уланткан.

"Симпсондор" алгачкы тогуз же он сезон аралыгында сынчылардын кеңири таануусуна ээ болгон, ал кезди адатта сериалдын "алтын кылымы" деп аташат. "Time" гезити аны 20-кылымдын мыкты телесериалы деп атаса, Эрик Адамс (The A.V. Club) аны "форматка карабай телекөрсөтүүнүн аяккы жетишкендиги" деп баа берген. 2000-жылдын 14-январында Симпсондордун үй-бүлөсү Голливуддук даңк аллеясында жылдызга ээ болушкан. Ал сериал катары дебют кылгандыктан ондогон сыйлыктарга ээ болгон, анын ичинде Эмми сыйлыгынын 31 премиясы, 30 Анни сыйлыгы жана Peabody сыйлыгы да бар. Гомердин "До!"(анг. D'oh!) деген илептүү фразасы англис тилине кабыл алынган, ошол эле учурда "Симпсондор" чоңдорго арналган көптөгөн анимациялык комедияларга көп таасирин тийгизген. Буга карабастан шоу көптөгөн жылдар бою өз сапатын жоготуп жатат деген көп кишилердин сындарына да дуушарланган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эпизоддор тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]