Симптом

Википедия дан

Симптом (грек. σύμπτομα — оорунун белгиси) — ар кайсы ооруга мүнөздүү көрүнүш же белгилер. Ал жалпы (мисалы, эт ысуу, ал кетүү), бир гана ооруга тиешелүү (мисалы, он эки эли ичеги жарасы тешилгенде ичтин бычак менен сайгандай оорушу), субъективдүү (оорулууну сураганда айтып берген) жана объективдүү (ар кандай ыкмалар — карап көрүү, тыңшоо, каккылоо, лабораториялык, рентгендик жана башкалар изилдөөдө байкалган) болуп бөлүнөт.

Ошондой эле ооруну алдын ала билдирүүчү эрте жана кеч байкалуучу болуп да айырмаланат. Азыркы дарылоо жана алдын алуучу эмдөөлөрдүн натыйжасында оорунун белгилери өзгөрүлүп, кээде жоголот. Оорунун белгилеринин негизинде туура диагноз коюлат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8