Сингалдар

Википедия дан
Сингалдар

Сингал элинин салттуу никелери
සිංහල ජාතිය
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 15 миллион (2012-жыл)
 Шри-Ланка

Тили

Сингал тили

Дини

Тхеравада (көпчүлүк) Христиан (азчылык)

Сингалдар - улут, Шри-Ланка республикасынын негизги калкы.

Жалпы саны 9,8 млн (1975) адам. Антропогиялык жактан европеоид расасына кирет. Түндүк Индия элдери менен тектеш. Сингал тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү будда, азы христиан дининде.

Сингалдар талаа-түздө жашагандар жана тоолуктар болуп 2 топко бөлүнөт. Тоолуктардын турмушунда кээ бир эзелки өзгөчөлүктөр сакталган.

Сингалдардын көбү дыйканчылык, жээкте жашагандары балыкчылык менен кесип кылышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.