Сингония

Википедия дан

Сингония – кристаллографиялык-элементардык уячаларынын конфигурациясы боюнча кристаллдардын бөлүнүшү.

Сингония кристаллдын уячаларынын кырларынын узундуктары (а, b, с) жана алардын арасындагы бурчтардын (α,β,γ) катыштары менен мүнөздөлөт. Кристаллографиялык Сингониянын жети түрү бар. Алар: куб Сингониясы (а=b=с, α=β=γ=90); тетрагоналдуу (а=b≠с, α=β=γ=90); гексагоналдуу (а=b≠с, α=β=90, γ=120); тригоналдуу (а=b=с, α=β=γ≠ 90); ромбдуу (а≠b≠с, α=β=γ= 90); бир шынаалуу (а≠b≠с, α=β=γ=90, β=90); үч шынаалуу (а≠b ≠ с, α=β≠γ ≠90). Ар бир Сингонияга кристаллдар симметриясынын бир нече чекиттик тобу, Браве торчосу жана симметриянын мейкиндиктик топтору кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]