Синергетика

Wikipedia дан

Синергетика – өзүн-өзү уюштуруунун азыркы учурдагы жаңы теориясы.

«Баш аламандык менен тартипке салынуу» (Пригожин) аркылуу калыптануучу процесстерди, убакыттын артка кайтпастыгын, тең салмаксыздыкты изилдөөчү жана өзгөрүлмөлүүлүктү, туруксуздукту эволюциялык процесске мүнөздүү негизги көрүнүш катары караган жаңы көз караш.

Синергетика философияда мурда калыптанган: илимий теорияларды түзүүдөгү кокустуктардын анча роль ойнобостугу; ири социалдык процесстердин ишке ашышына жеке иш-аракеттин анча таасир эте албастыгы – өңдүү, ж. б. түшүнүктөрдү жеңип; төмөнкүдөй негизги жоболорун тартуулайт:

а) татаал түзүлүштөгү системанын эволюциялык өнүгүү жолдорун алдын-ала башкарууга же жолго салууга дээрлик мүмкүн эмес, сөз алардын өзүн-өзү башкаруу аркылуу өнүгүшү ж-дө гана болушу мүмкүн;
б) жаңы уюштуруучу формаларды түзүү үчүн баш аламандыктын жаратуучулук күч-кубатынын өзү жетиштүү;
в) кайсы гана татаал система болбосун, анын өнүгүшүнө бир жактуулук мүнөздүү эмес; г) бүтүндүк жана анын бөлүктөрүнүн суммасы (кошулмасы) – сапаттык жактан ар башка составы, алардын арифметикалык суммасын алууга мүмкүн эмес;
д) туруксуздук-туруктуу жана жандуу өнүгүштүн бирден-бир шарты жана өбөлгөсү, ошол система гана өзүн-өзү уюштурууга жөндөмдүү;
е) дүйнө ар түрдүү оош-кыйыштардын баскычтарынан турат, ж.б. С-ны эволюциялык өнүгүүдөгү өзгөчө аң-сезим катары, III миң жылдыктагы жаңы илим деп эсептешүүдө.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]