Синонимия

Википедия дан

Синонимия (грек. synonymia - атташ) - тилдик семантикалык бирдиктердин толук же жакын маанилеш келиши.

Синонимия тилдин лексикалык, фразеологиялык, грамматикалык, сөз жасоо системасына мүнөздүү.

Тилдеги кеңири тараган Синонимиян түрү - лексикалык Синонимия Синонимдин семантикалык маңызы - анын лексикалык маанисинин көлөмүнүн эквиваленттүүлүгүндө (адам - киши), анын маанилеринин сема катары дал келишинде (эшик - каалга). Мындай салыштыруу аркылуу маанилик окшошуу Синонимди толук жана толук эмес деп ажыратууга шарт түзөт. Адам да, киши да дээрлик бардык учурда семантикалык жактан дал келет, айрым коомдук аталышта адам активдешет. Эшик жана каалга дайыма бирин бири алмаштыра албайт, зат катары алмаштырып, эшикти жап, каалганы жап деп айтыла берет, бирок ич менен тышты бөлүп турган аралык катары толук дал келе бербейт, эшикке чыгып кетти дейт, каалгага чыгып кетти дебейт.

Синонимдеш сөздөр семантикалык жактан бирдей же жакын болуу менен, бир эле сөз түркүмүнө тиешелүү болуп, сүйлөм тизмегинде бирдей милдет аткарат. Булардын маанилик жакындыгын айгинелейт. Синонимия тилде өтө көп тараган семантикалык системаны түзөт. Ар бир синонимдик тизмектердин негизги маани топтоочу семасы доминант деп аталат. Ал эми синонимдердин жалпы маанилик топтому Синонимдик уя деп, анын ичинен өтө жакын семантикалык талааны түзүп турган Синонимдин топчосу катар деп аталат. Синонимдер текст түзүүдө атайын стилдик кызмат аткаруу менен, көркөм эмоционалдык баалоочу-нарктоочу негизди пайда кылат. Синоним стилдик ыкмада "жогорку", "нейтралдык", "карапайым" деп бөлүштүрүүгө негиз берет. Синонимдердин бир контекстте катары менен колдонулушу Синонимиядик градация деп аталат:

Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,

Мени күтпө, мени эстебе, сагынба.

Синонимдик градация тексттеги ойду даана, көркөм, так, эмоционалдуу ачып берүү үчүн кызмат кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4