Синтаксистик конструкция

Википедия дан

Синтаксистик конструкция — сөздөрдүн (сөз формаларынын) синтаксистик бирдик катары каралган тизмеги; бүткөн ойду билдирген айтым.

Синтаксистик конструкция синтаксистеги кеңири түшүнүктөрдүн бири, ал түрдүү мүнөздөгү синтаксистик түзүлүштөрдү камтыйт:

  • 1) түзүлүшү боюнча минималдуу, б.а., түгөйлөрдүн минимумунан турган конструкциялар (жөнөкөй сөз айкаштары);
  • 2) татаал конструкциялар (татаал сөз айкаштары, сүйлөмдөр);
  • 3) аралаш конструкциялар (жөнөкөй конструкциялардын биригүүсүнөн пайда болгондор, обочолонгон түшүндүрмө мүчөлүү же атоочтук, чакчыл түрмөктүү сүйлөмдөр, тике бөтөн сөздөр). Синтаксистик конструкцияга парадигмалык өзгөрүүлөр мүнөздүү. Кээде бир өңчөй мүчөлөр Синтаксистик конструкция катары каралат.

Синтаксистик конструкция түшүнүгү абстракттуу тилдик моделге карата да, ошол модель боюнча уюшулган тилдик конкреттүү бирдикке карата да колдонулат. Буга ылайык, Синтаксистик конструкция предикативдик жана предикативдик эмес, минималдуу жана татаалдашкан түрдөгү, эркин жана эркин эмес (фразеологиялык), активдүү жана пассивдүү түрдө болушу мүмкүн.

" Синтаксистик конструкция " термини сөз айкашынан жана сүйлөмдөн кичине бирдиктерге карата колдонулбайт, мис., сөз айкашы болбогон синтагмалар, өзүнчө сүйлөмдү түзө албаган сөз формалары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4