Синтезделген азыктар
Синтезделген азыктар (СА) - химиялык синтезден алынган заттардан даярдалчу азыктар.
Азыркы синтетикалык орг. химия каалаган азык заттарды синтездөөгө мүмкүндүк берет, бирок ири молекулалуу бирикмелерди синтездөө өтө татаал болгондуктан саны даярдоо экон. жактан ынгайсыз. Ошондуктан тамактанууда химиялык синтез азыктарынан кичине молекулалуу витаминдер жана аминокислоталар гана колдонулууда.
Жасалма азыктар (ЖА) - табигый азык заттардын эритиндисин же дисперсиясын килкилдек пайда кылуучу заттар менен аралаштыруунун негизинде жасалып, белгилүү бир азык затынын структурасындай жана формасындай даярдалган белоктуу азыктар.
Азыр Ж Аны өндүрүүдө:
- 1) өсүмдүк (буурчак, соя, арахис, гозо чигити, кун карама даны ж. б.) жана жаныбар (сүттүн казеини, балыктын баалуу эмес түрлөрү ж. б.) сырьёлорунан бөлүнүп алынган белоктор;
- 2) түрдүү микроорганизмдер синтездеген белоктор колдонулат. Синтезделген жана жасалма азыктарды алуу жөнүндөгү ойду 19-кылымдын аягында Д. И. Менделеев жана П. Э. М. Бертло айтышкан.
Аны көптөгөн илимий изилдөө институттар жүргүзөт. Соя, арахис, казеин белогунан жасалма эт жана этке окшош азык- тарды өндүрүү боюнча АКШда 1-патент 1956-63-ж. алынган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.