Синтетикалык эсеп

Википедия дан

Синтетикалык эсеп (синтез эсеби) - экономикалык жактан бир түрдүү чарба каражаттардын жана анын булактарынын, чарба процесстеринин акчалай жалпы туюнтмасы.

Синтетикалык эсеп ишкана, уюм, мекемелердин чарбалык-финансылык ишинин жыйынтыкталган маалыматтарын алууда колдонулат.

Синтетикалык эсеп бардык чарбалык операциянын өз ара байланышын текшерүүгө жана алардын эсепте толугураак, туура чагылышын контролдоого шарт түзөт.

Ишканада Синтетикалык эсептин жардамы менен негизги өндүрүш куралдарынын, сырьё жана материалдардын, өндүрүш чыгымынын жалпы саны аныкталат. Финансы-кредит мекемелеринде Синтетикалык эсеп бюджеттин аткарылышын жана кредит операцияларын контролдоого колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.