Синхрондоштуруу

Википедия дан

Синхрондоштуруу (гр. synchro- nos - бир мезгилдүү) - аки же бир нече процессти бирдей фазада же бир убакта болуп өткөндөй абалга келтирүү.

1) Электр байланышында - радио бергичтен келген электр термелүүлөрү (сигналдары) менен жар- дамчы (мисалы, кабылдагычта генерацияланган) электр термелүүлөрдүн жыштыгын жана фазасын бирдей абалга келтирүү.

2) Үндүү кинодо- сүрөтү киноплёнкага түшүрүлүп, ал эми сөзү магнит лентасына жазылып, синхрондуу киного тартуу ыкмасы менен тартылган фильмди көрсөтүүдө сүрөттүн көрүнүшү менен үндүн угулушун убакыт боюнча бири бирине так дал келтирүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.