Синхрондуу машина

Википедия дан

Синхрондуу машина -роторунун айлануу ылдамдыгы магнит талаасынын айлануу ылдамдыгы же тармак жыштыгы менен туруктуу катышта болгон үч фазалуу өзгөрмө токтун электр машинасы.

Синхрондуу машина кыймылсыз бөлүктөн (статор) жана айлануучу бөлүктөн (ротор) турат. Статордун оромунда э. к. к. түзүлгөндүктөн кээде Синхрондуу машинанын статору якорь деп да аталат.

Конструкциясы боюнча Синхрондуу машина роторунда уюлдарынын өзөгү жана орому ачык көрунүп турган айкын уюлдуу, роторунда уюлдарынын өзөгү ачык көрүнбөгөн айкын уюлсуз болуп эки түргө бөлүнөт. Синхрондуу машина негизинен өндүрүш жыштыктуу ток алуу үчүн энергетикада синхрондуу генератор катары кеңири таралган.

Мындан башка да айлануу ылдамдыгы туруктуу электр кыймылга келтиргичтеринде кубаттуу кыймылдаткычтар, о. эле электр тармагынын реактивдүү тогун комиснсациялоо үчүн синхрондуу компенсациялагыч катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.