Синхрония

Википедия дан

Синхрония (грек. synhronos - бир учурга дал келген) –

  • 1) тилдин бир учурдагы өзара карым-катышында өзара шартташкан тилдик системалык элементтеринин абалы, пикир алышуу мезгилинде реалдуу чындыктын бир учурунда колдонулуучу тилдик фактылардын жыйындысы; тилдин өнүгүш мезгилин изилдөөдө кандайдыр бир шарттуу түрдө атайын бөлүп караган үзүндү учуру;
  • 2) тилди изилдөөнүн белгилүү бир абалында үйрөнүү, б.а., тилдик фактыларды мезгилдик же тилдик өзгөрүүнүн системасы катары кароонун ыкмасы. Ушундан улам «синхрондук лингвистика» термини «статистикага» же «сыпаттама лингвистика» деген термин «диахрондук лингвистикага» каршы пайда болгон.

Тилди Синхрондук изилдөөнүн максаты - аны система катары изилдөөнүн принциптерин аныктоо, тилдин туруктуу жана кыймыл учурундагы абалын, динамикалык жана статикалык абалындагы системалык бирдиктерди жана эрежелерин тактоо. Тилдин өнүгүү законченемдеринин азыркы гана абалын карабастан, белгилүү бир учурдагы тарыхый шартын (тилдин кыска мөөнөттөгү же узак учурдагы өнүгүшүн) да изилдеп, аныктайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4