Сионизм

Википедия дан

Сионизм - Дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жашаган жөөттөрдүн ортосундагы улуттук максаттарга жетүү үчүн багытталган жана саясий жактан да эл аралык байланышка таасир берген агым.

Бул агымдын аты Куддус шаарында жайгашкан жана биздин заманга чейинки 1000-жылы жөөттөрдүн колуна өтүп, алардын борбор калаасына айланган Сион шаарынын ысмы менен аталат. Жогорудагы улуттук максаттардын башында жөөттөрдүн өз мекенин түзүү максаты турган болчу. XVIII кылымдын аягында башталган жана уюмдашкан бул агымды дагы да таасирдүү кылыш үчүн ар түрдүү багытта сионисттик конгресстер өткөрүлгөн жана дүйнөлүк деңгээлде иш-чаралар жүргүзүлгөн. 1897- жылы Швейцариянын Базел шаарында 1-сионисттик конгресс өткөрүлүп, бул конгрессте Палестинада бир жөөт мамлекетин түзүү пландаштырылган. Бул планды ишке ашырууда Теодор Херзи лидерлик кылган.

Айрыкча АКШ менен Европа өлкөлөрүндө жашаган жана экономика, соода-сатык жана финансы жаатында таасирдүү болгон жөөттөр ошол өздөрү жашаган өлкөлөрдөгү саясий жетекчилерди колго алып, коомдук пикирди таасирленте турган деңгээлде иш жүргүзүшкөн. Акырында 1945- 1948-жылдары мамлекет куруу жаатында аябай аракеттенген жөөттөр 1917-жылы Англиянын Тышкы Иштер министри Балфордун рапортуна жана II Дүйнөлүк согушта фашисттердин жөөттөргө карата жасаган геноцидине таянып, англистер менен америкалыктардын көмөгү аркылуу Палестинада Израиль мамлекетин түздү, бирок бул кырдаал аймактагы али тынчый элек каргаша менен пикир келишпестиктерди жаратып, төрт жолу Араб-Израиль согушуна себепкер болгон (1948, 1956, 1967, 1973). Сионизм агымынын мамлекет куруудан башка Израилге жөөт улутундагы элдерди көчүрүп келүү, бул өлкөгө экономикалык жана аскердик жактан жардам көрсөтүү, Израилдин аймагын кеңейтүү жана басып алган жаңы жерлерге калктын жайгашуусун камсыз кылган саясат жүргүзүү, ушул жол аркылуу кээ бир маанилүү мамлекеттердин саясатына таасир этүү жана жөөт достугун жаратуу сыяктуу башка максаттары бар болчу.

1975- жыл БУУнун чыгарган чечиминин негизинде сионизмди улутчулдук кыймыл деп күнөөлөгөн. Жашаган жерлеринде экономикалык жана соода-сатык тармагынын көпчүлүк бөлүгүн колго алып башкарган жөөттөр кээ бир жерлерде күчтүү соода байланышын түзүп, таасирдүү болууда. Мисалы, жөөттөр АКШнын тышкы саясатынын узак жылдар бою Израилдин пайдасына жүргүзүлүшүн камсыздаган. 1973-жылдын 6-октябрында болгон урушта АКШдагы жөөттөр 127 Израилге көмөк көрсотүү максатында 500 млн. доллар топтогон. Мындан башка АКШнын Израилге жөнөткөн көп өлчөмдөгү расмий экономикалык жана аскердик жардамы бар (1923-жылы 27 миллиарддан ашык доллар жөнөтүлгөн). Түрдүү тармактардагы сионизм кыймылын жетектеген «Дүйнөлүк Сионист Уюму» бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9