Сирхакпха

Википедия дан

Сирхакпха (корейче сирхак - нака илим жана пха - топ, багыт дегенден) - 17-19- кылымдын башында Кореяда «нака илим үчүн» деген ураан менен чыккан коомдук ой-пикирдеги прогрессчил агым.

Кореяда феод, мамилелер ыдырай баштаган шартта Сирхакпха нын өкүлдөрү өлкөнүн өндүргүч күчтөрүн көтөрүү максатында социалдык-экон. реформаларды жүргүзүүнү жактап, турмушка тыгыз байланышкан нака илимдерди (буга так илимдер гана эмес, коомдук илимдер да кошулган) өнүктүрүү зарылдыгын баса белгилеп, илим жакшы өнүккөн башка өлкөлөрдөн таалим алуу керектигин айтышкан. Сирхакпха Кореянын коомдук ой-пикиринин тарыхында маанилүү орун ээлейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.