Системдик програм жабдык

Википедия дан

(System Soft-ware-Системное программное обеспечение). Компьютер жабдууларынын аракеттерин башкарган жана иштетүү системин камтыган програмдар тобунан турат. Системдик програм жабдыктардын аткарган айрым кызматтарына компьютерди иштетүү, ар кандай програмдарды компьютер эсине програмдарды жүктөө жана сактоо аракеттери кирет. Буларга кошумча, системдик програм жабдык дискти калыптоо, берилиштер файлдарын сорттоо жана програм буйруктарын компьютер түшүнгөн экилик кодго которуу кызматтарын аткарат. Системдик програмдык жабдыктын үч башкы бөлүгү болуп, иштетүү системи, утилиттер жана тилдердин трансляторлору эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]