Системотехника

Википедия дан

Системотехника - кибернетикадагы багыт; ал информацияны кайра өзгөртүүнүн универсал каражаттары – ЭЭМ негиз кылып алынган татаал системаларды пландаштыруу, долбоорлоо, конструкциялоо жана башкаруу маселелерин изилдейт.

«Системотехника» термини 20-кылымдын 60-жылдарында эл чарбасынын ар түрдүү тармактарын башкаруунун автоматташтырылган системасынын өнүгүшүнө байланыштуу пайда болгон.

Системотехника татаал эксперименттик иштерди долбоорлоону, өнөр жай тармактары менен экон. ар кандай процесстерди, админ, иштерди автомат- таштырууда кенири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.