Сиябуш

Википедия дан

Сиябуш, Сыяпуш — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча кытай-калмак баатыры. С. чыгыш теги жагынан иран элдеринин мифологиясына таандык. Бул каарман иран элдеринин өтө байыркы эстелиги болгон "Авестада" Сияваршн деген ат менен белгилүү. Фирдоусинин "Шах-Намэсинде" Сиявуш деп аталып өтө сүймөнчүлүк менен сүрөттөлөт. Чыгыш элдеринде, өзгөчө иран-түрк элдеринин фольклорунда С-тун атына байланышкан толгон түрдүү уламыш, мифтер бар. Образдын кеңири тарашына Фирдоусинин "Шах-Намэси" белгилүү роль ойногон. С-тун образы түрк элдеринин фольклоруна узак убакыт мурда киргендиги Кашкарлык Махмуддун "Түрк тилдеринин сөздүгүндө" анын атынын түрдүү уламыштар менен байланышта эскерилиши аркылуу далилденет. Сагымбай Орозбак уулу Фирдоусинин "Шах-Намэси" менен таанышкандан кийин эпоско киргизилген болуу керек.

Сиябуш, Сияпуш, Сиявуш эпониминин мааниси, изилдөөлөргө караганда "кара аттуу чавандес" дегенди билдирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4