Скандха

Википедия дан

Скандха (санскрипт पञ्चस्कन्धी, - агрегат, биригүү) – Индия философиясындагы – түшүнүк, буддизм менен катар белгилүүлүккө ээ болгон (бөтөнчөлүгү жок психофизикалык ишмердүүлүктүн физикалык составы боюнча дүрт эте турган жандуу процесс), бир принциби боюнча дхармдын биригүүсүн билдирет.

Беш Скандха жашайт:

  1. Руна-бардыгы материалдуу, тактык бардыгы бөтөнчөлүк сезимге ээ. (Мисалы: беш сезүү органы, эмнени кабылдашса, алардын ишмердүүлүгүнүн учурунда пайда болгондо ж. б.),
  2. Ведана – эмоцияны сезүү;
  3. Санджня – көрсөтүү – өздөштүрүү;
  4. Сандкхара – өтө олуттуу жана татаал түшүнүк: жөндөмдүүлүк – шык, кармалык, кайраттуулук – себеп, кыймылдаткыч элементтери;
  5. Виджыяна – аң-сезим, акыл-эс маанисинде.

Дхармдын бул беш биригүү-жандашуу функциясы, негизинен адамдын «менине» окшоштурулат. «Мен» буддизмде жан дегенди түшүндүрөт. Скандха жөнүндөгү көрсөтүү Буддизмдеги эң эле алгачкы чыгуу. Скандха тантризмде космостук күчкө айланат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]