Скаткин Михаил Николаевич

Википедия дан
Скаткин, Михаил Николаевич
Туулган жылы:

11 -август 1900(1900-08-11)

Туулган жери:

Москова обласы Козлово айылы

Каза болгон жылы:

7 -август 1991(1991-08-07) (90 жаш)

Каза болгон жери:

Москвада СССР

Өлкө:

Орусия СССР

Илимий чөйрөсү:

Педагогика

Илимий даражасы:

Педагогика илимдин доктору

Илимий наамы:

профессор, Академик Россия билим берүү академиясы СССР

Белгилүү болгондугу:

Педагог

Белгилүү болгондугу:

Педагог

Сыйлыктары


Орден Ленина, Медаль К. Д. Ушинского

Скаткин, Михаил Николаевич (1900–1991) – белгилүү педагог, теоретик.

Педагогикалык ишмердүүлүгүн Скаткин 1919 жылы башталгыч класстарга сабак берүүдөн баштаган.

Педагогика илиминин методологиялык негиздерин, окутуу процессин, билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү маселелерин иштеп чыккан. Анын дидактиканын фундаменталдуу маселелери боюнча көз караштары СССРде жана башка өлкөлөрдө жүргүзүлгөн көптөгөн изилдөөлөр үчүн негиз катары кабыл алынган. Окуу программаларын түзүүнүн теориясын иштеп чыккан окумуштуулардын эң алгачкыларынын бири. Ошону менен бирдикте илимий негизде окутуу принциби, билим берүүнүн мазмуну – окутуунун илимий – изилдөөлөрдүн методологиясы, методдору боюнча бир катар концепциялардын автору болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,