Скетчбук

Википедия дан

Скетчбук – ар дайым чөнтөктө жүргөн кичинекей блокнот же альбом. Буга көбүнчө сүрөтчү же дизайнерлер эргүү келе калганда чиймелеп тартып коюшат. Скетчбук керектүү учурларда тигил же бул жайдагы нерселерди тартып калуу, идеяларды унутуп калбоо үчүн негизги жардамчы боло калат. Бул "жардамчынын" жаныңда болушу менен байкоочулук сезим менен кошо профессионалдуулук жактан өсүүгө өбөлгө болуп берет. Сүрөтчүлөрдүн айтымында, үзгүлтүксүз сүрөт тартуу менен "ак барактан коркуу" сезиминен арылып, мыкты сүрөт тартууга колду көндүрүп алса болот.