Склерит

Википедия дан

Склерит - склеранын сезгениши.

Ага бруцеллёз, Кызыл жузурук, туберкулёз, вирустук ж. б. оорулар себеп болот. Склеритте көз катуу ооруйт, склерада инфильтрат пайда болот. Көп учурда кератит менен иридоциклитке (көздүн жаа сымал кабыгынын жана кирпик этинин сезгениши) айланат. Дарылоодо антибиотиктер, гормон дарылары, жылуулук басуу, физиотерапия колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.